Тимурлан Ажымалиев Россиянын белгилүү теле алып баруучусу Андрей Козлов менен жолукту
10 ноябрь

Тимурлан Ажымалиев Россиянын белгилүү теле алып баруучусу Андрей Козлов менен жолукту

Бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Россиянын белгилүү теле алып баруучусу, режиссёр, продюсер, сценарист жана интеллектуалдык «Что? Где? Когда?» клубунун магистри Андрей Козлов менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле маданият, медиа жана интеллектуалдык чыгармачылык тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Өзгөчө көңүл жаштардын креативдүү ой жүгүртүүсүн, эрудициясын жана маданий дипломатиясын өнүктүрүүгө багытталган билим берүү жана агартуу программаларын уюштуруу маселелерине бурулду.

Маалымат үчүн:

Андрей Козлов – «Что? Где? Когда?» интеллектуалдык клубунун катышуучусу жана магистри, оюндагы негизги сыйлык – «Хрустальная сова»нын бир нече жолку ээси. Ал интеллектуалдык жана маданий форматтардагы бир катар телекөрсөтүүлөрдүн автору жана алып баруучусу катары белгилүү.

Ошондой эле телекөрсөтүүлөрдүн, фестивалдардын жана агартуу долбоорлорунун режиссёру жана продюсери болуп саналат.

Козлов эл аралык маданий жана билим берүү демилгелерине активдүү катышып, жаштардын интеллектуалдык өнүгүүсүнө жана билимдин баалуулугун жайылтууга салым кошуп келет.

Ал өзүнүн тапкыч стили, жогорку эрудициясы жана маданиятты, интеллектуалдык өнөрдү жана телевидениени айкалыштырган уникалдуу ыкмасы менен белгилүү.