Ошто айым-режиссёрлордун VII эл аралык кинофоруму башталды
Ош мамлекеттик университетинде 2-декабрда айым-режиссёрлордун VII эл аралык кинофоруму ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чаранын ачылышында президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова, ЕККУ өкүлү Рати Джапаридзе жана башка коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Ал эми Кинематография департаментинин жетекчиси Талант Төлөбеков бир катар кинематографист айымдарды сыйлады.
Программада Гүлсара Ажыбекова менен жолугушуу, «Клара Юсупжанова» китебинин бет ачары жана Гүлжан Токтогулдун сценарий боюнча мастер-классы орун алды.
Ошондой эле, 3–4-декабрда форумдун алкагында 25 тасма көрсөтүлөт:
- 16сы — «Айымдардын көз карашы»,
- 9у — «Экологиялык жана социалдык активизм» программасынын алкагында коюлат.
Кинофорум Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин, ОБСЕнин жана ОшМУнун колдоосу менен 5-декабрга чейин уланат.
Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлсара Ажыбековага жана Тоолуу региондорду өнүктүрүү программасынын беш жылдыгына арналды.
