Маданият министрлиги
8 июнь
Куурчак театрында Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» спектаклдин премьерасы өттү
Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында 6-июнда Чыңгыз Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт (Пегий пес, бегущий краем моря)» чыгармасынын негизинде коюлган спектаклдин премьерасы болуп өттү.
Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, спектакль 6-7-13 жана 14-июнь күндөрү саат 18:00дө көрсөтүлөт.
Спектакл 14+ жаштан жогору көрүүчүлөргө арналган, узактыгы 60 мүнөт.
- Режиссёр-постановщик — Антон Зайцев
- Сахна көркөмү — Асия Курманалина, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери
- Композитор — Ярослав Жуков
- Хореограф — Салтанат Беймишева
Бул спектакль — ритуал өзгөчө сахналык формада коюлуп, кыргыз жана орус тилдери бир сахнада айкалышып аткарылды.
Тилдердин мындай өз ара өтүшү чыгармадагы философиялык тереңдикти жана адам тагдырларынын көп катмарлуулугун ачып берүүгө шарт түздү.
