Жаш көрүүчүлөр театрында Бертольт Брехттин «Олорман эне жана анын балдары» спектаклинин премьерасы өттү
Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында күн мурун, 6-июнда Бертольт Брехттин «Олорман эне жана анын балдары» спектаклинин премьерасы болуп өттү.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, спектакль «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын аткаруучулары тарабынан сахналаштырылды.
Бул классикалык чыгарма кыргыз тилине Кыргыз эл жазуучусу Б. Жакиев тарабынан которулган.
Режиссёр Дмитрий Лимбос тарабынан коюлган бул чыгарма согуштун адам тагдырына тийгизген оор кесепеттерин, адамкерчилик менен келечектин баасын терең философиялык өңүттө ачып берди. Спектакль согушту «пайда табуунун булагы» катары көргөн Анна Фирлингдин трагедиялуу тагдырын чагылдырып, анын эң кымбат нерселеринен – балдарынан айрылышы аркылуу күчтүү драмалык таасир калтырды.
Коюлушу 16+ жаштан жогору көрүүчүлөргө арналган, узактыгы 1,5 саат.
