Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын жаңы имаратын куруу иштери кызуу жүрүүдө
Бишкектеги Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын жаңы имаратынын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Күн мурун маданият министри Мирбек Мамбеталиев курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алган.
Министр курулуш иштери белгиленген графикке ылайык, сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү зарыл экенин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.
Маалымат үчүн: Жаңы имараттын жалпы аянты окуу корпусу жана жатакананы кошкондо болжол менен 13 600 чарчы метрди түзөт. Имарат жер төлөөсү менен кошо сегиз кабаттан туруп, заманбап окуу процессине ылайык бардык зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалат.
Долбоорго ылайык, жаңы окуу корпусунда ашкана, жатакана, 300 орундуу чоң концерттик зал, 5 кичи концерттик зал, конференц-зал, спорт комплекси жана жер төлөдө унаа токтотуучу жай каралган.
