Бишкекте сүрөтчү Азизбек Сулаймановдун жеке көргөзмөсү ачылат
Бишкекте Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 23-апрелде сүрөтчү Азизбек Сулаймановдун жеке көргөзмөсүнүн ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Бул көргөзмө автордун көп жылдык жана ырааттуу чыгармачылык жолун чагылдырган кеңири ретроспективдүү долбоор болуп саналат. Анда сүрөтчүнүн ар кайсы жылдардагы эмгектери бириктирилип, анын көркөм изденүүлөрүнүн эволюциясын, формага, түскө жана мейкиндикке болгон өзгөчө мамилесин байкоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Экспозиция бир гана темага чектелбестен, көрүүчүлөргө автордун чыгармачылыгынын кеңири диапазонун сунуштайт. Сүрөтчү живопистин негизги элементтери – түс, жарык, фактура жана композиция менен тынымсыз иш алып барып, бул багытта өзүнүн уникалдуу көркөм тилин калыптандырган. Анын ар бир эмгеги ички тартип, токтоолук жана композициялык тактык менен айырмаланып, көрүүчү менен терең визуалдык диалог түзөт.
Көргөзмө көрүүчүлөрдү заманбап кыргыз живописинин өнүгүүсү менен жакындан таанышууга жана автордун көп кырдуу чыгармачылыгын тереңирээк түшүнүүгө чакырат.
