Оюндар жана таттуу белектер. Ошто Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди
1 июнь

Оюндар жана таттуу белектер. Ошто Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди

Ош шаарында бүгүн, 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата чоң майрамдык иш-чара өткөрүлүп, кичинекей шаар тургундарына жагымдуу маанай тартууланды.

Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында уюштурулган бул майрамга Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышып, балдарды куттуктап, алардын жаркын келечегине ак тилек айтышты.

Бактагы жайкы театрда чоң программадагы концерттик шоу сунушталып, бий жана музыка сүйүүчүлөрү үчүн чыгармачыл топтор тарабынан жандуу аткаруулар тартууланды.

Ошондой эле куурчак театры тарабынан жомоктордон үзүндүлөрү көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан спорттук оюндар — шахмат, шашки, тогуз коргоол, аркан тартыш жана башка мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Майрамдын жүрүшүндө сүрөт тартуу сынактары, ар кандай чыгармачылык жана интеллектуалдык оюндар өткөрүлүп, балдарга балмуздак таратылды.