Ыр майрам. Баткенде кыргыз-өзбек-тажик жылдыздары өнөрлөрүн тартуулашты
Баткен шаарынын борбордук стадионунда "Ыр майрам" эл аралык фестивалынын алкагында чоң гала концерт өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алгач үч элдин ынтымагын чагылдырган сахналаштырылган көрүнүш тартууланды.
Майрамдык иш-чараны КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов ачып, кошуна жашаган үч элди тынчтыкты жар салган "Ыр майрам" менен куттуктады.
Майрамдын расмий бөлүгүндө Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасынын орун басары Зайнура Азими сөз сүйлөп, бул иш-чаранын кошуна элдердин өз ара ишенимин жана ынтымагын бекемдөөдө мааниси зор экенин белгилешти.
Гала концертте Кыргызстандан белгилүү ырчылар: Саламат Садыкова, Роза Аманова, Ырыскелди Осмонкулов, Самара Каримова, Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева, Нурлан Насип ж б ырчылар таланттарын тартуулады.
Өзбектандан легендарлуу "Ялла" тобунун солисти Фаррух Закиров, Севинч Муминовалар элге жагымдуу маанай тартуулады.
Тажикстандан Дилноза Каримова, Хасан Камол, Шерози Камол ж б ырчылар, бийчилер катышты.
