Кыргызстандын эл жазуучусу Самсак Станалиевдин 75 жылдык мааракеси белгиленет
Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Самсак Станалиевдин туулгандыгынын 75 жылдыгына арналган “Самсак Станалиев - акын, жазуучу, публицист жана котормочу” аттуу илимий-практикалык конференция жана салтанаттуу кече өткөрүлөт.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, иш-чарада Самсак Станалиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча докладдар окулуп, театралдаштырылган программа менен коштолот.
Иш-чара Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынды өтөт. Башталышы саат 15:00.
Кирүү акысыз.
