Бишкекте UmutDoc эл аралык даректүү тасмалар фестивалы өтөт
Бишкек шаарында 4-декабрда UmutDoc эл аралык даректүү тасмалар фестивалы өз ишин баштайт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
UmutDoc фестивалы даректүү кино өнөрүн өнүктүрүү үчүн туруктуу платформа түзүүнү, ошондой эле документалдык кинонун маданий билдирүү, коомдук диалог жана чыгармачыл кызматташуу куралы катары маанисин баса белгилөөнү максат кылат.
Фестивалдын расмий ачылышы 4-декабрда саат 17:00дө Ч. Айтматов атындагы кино үйүндө өтөт.
Фестивалдын алкагындагы тасмалардын көрсөтүүлөрү ушул эле жайда — Ч. Айтматов атындагы кино үйүндө улантылат.
Фестивалга кирүү акысыз.
Иш-чара Umut Art Cinema коомдук маданий фондунун демилгеси жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.
