Зарина Чимырова Токмок шаарынын маданият бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин сунуштамасынын негизинде Чимырова Зарина Токтосуновна Токмок шаарынын маданият бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Зарина Токтосуновна 1980-жылдын 6-мартында Чүй облусунун Токмок шаарында туулган.
Билими жогору, юрист жана менеджер адистигине ээ. Ал 2011–2014-жылдары Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын “Юриспруденция” багыты боюнча аяктап, юрист квалификациясын алган. Мындан сырткары, 1997–2003-жылдары И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин “Менеджмент” адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолун 2003-жылы Чүй облустук Госреестрдин зоналык борборунда баштап, алгач , кийин иш кагаздарын жүргүзүүчү, жер ресурстары боюнча жетекчи адис болуп иштеген. 2005-жылдан бери Токмок шаарынын маданият бөлүмүндө ар кыл кызматтарды аркалап, көп жылдык тажрыйба топтогон.
Дайындоого чейин бөлүмдүн башкы адиси болуп эмгектенип келген.
