Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият министрлери биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты
7 июнь

Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият министрлери биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты

5-июнда Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын маданият министрлеринин «С5+1» форматындагы жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Өзбекстан Республикасынын маданият министри Озодбек Назарбеков менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, чыгармачылык байланыштарды чыңдоо жана маданият тармагындагы өз ара кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Мирбек Мамбеталиев Өзбекстан Республикасынын маданият министри Озодбек Назарбековду Кыргыз Республикасында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин жолугушуусуна жана алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Министр ошондой эле Кыргыз Республикасы Өзбекстандын маданий делегациясын Кыргызстанда өтө турган Өзбекстан маданият күндөрүнүн алкагында кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар кыргыз-өзбек маданий кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого жана биргелешкен гуманитардык демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.