Бишкекте 6-августта кытайлык сүрөтчүлөрдүн эл аралык көргөзмөсү ачылат
Маданият министрлиги
3 август

Бишкекте 6-августта кытайлык сүрөтчүлөрдүн эл аралык көргөзмөсү ачылат

Бишкектеги Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Айыл» аттуу эл аралык көркөм сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

«Жибек жолу – 2026» кыргыз-кытай маданий алмашуу программасынын уюштурулуп жаткан иш-чара 6-августта саат 15:00дө башталат. 

Көргөзмөнүн демилгечиси жана башкы куратору – Нинбо университетинин Пан Тяньшоу атындагы Архитектура жана дизайн институтунун окутуучусу, белгилүү куратор, айыл аймактарын көркөм өнүктүрүү боюнча эксперт, доктор Янь Юань.

Экспозицияга Кытайдын ар кайсы аймактарынан келген кесипкөй сүрөтчүлөрдүн, чыгармачыл жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын, изилдөөчүлөрдүн жана жаңы муундагы чыгармачыл өкүлдөрдүн эмгектери коюлат.

Долбоор Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө, чыгармачыл байланыштарды чыңдоого жана «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагындагы көркөм кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Көргөзмөнүн ачылышынан кийин заманбап искусство жана маданий кызматташтык маселелерине арналган кесиптик жолугушуулар жана талкуулар уюштурулат.