Ысык-Көлдүн түбүнөн Караханиддер дооруна таандык миң жылдык сейрек тыйындар табылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 октябрь

Ысык-Көлдүн түбүнөн Караханиддер дооруна таандык миң жылдык сейрек тыйындар табылды

Ысык-Көлдүн түбүнөн археологдор болжол менен миң жыл мурда жасалган Караханиддер мамлекетинин дооруна таандык сейрек тыйындарды табышты.

Табылгалар Улуу Жибек жолундагы маанилүү соода борборлорунун бири болгон, X–XIII кылымдарда жашап турган орто кылымдагы Тору-Айгыр шаарын суу астынан изилдөө учурунда аныкталган.

Россия Илимдер академиясынын О. Ю. Шмидт атындагы Жер физикасы институтунун экспедициясы бул аймакта 2023-жылдан бери изилдөө жүргүзүп келет. Байыркы шаардын басымдуу бөлүгү суунун астында, болжол менен төрт метр тереңдикте жайгашкан. Учурда археологиялык комплекстин бештен бир бөлүгүнө жакыны гана изилденген.

Максим Меньшиков жетектеген археологдор орто кылымдарда Борбор Азиянын бир топ аймагын башкарган Караханиддер мамлекетинин тыйындарын суунун түбүнөн алып чыгышкан.

Тыйындар X–XII кылымдарга таандык. Узак убакыт сууда жаткандыктан, алардын металлы катуу бузулуп, жазууларын чечмелөө жана кайсы жерде жасалганын аныктоо азырынча кыйын болууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, айрым тыйындардын эритмесинин 90%га чейинки бөлүгүн коргошун түзөт. Изилдөөчүлөр муну жездин жетишсиздиги менен байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Табылгалар Тору-Айгыр ошол мезгилде кыйла ири жана өнүккөн конуш болгонун көрсөтөт. Көлдүн түбүнөн бышкан кыштан курулган жети ири имарат табылган. Мындай курулуштар Кыргызстандын орто кылымдардагы архитектурасында сейрек кездешет.

Ошондой эле урандылардын арасынан коомдук имараттын бөлүктөрү, тегирмендин жаргылчагы орнотулган кыш имарат, чоң керамикалык идиштердин сыныктары жана чоюн казандын бир бөлүгү табылган.

Мындан тышкары, суу алдындагы агымдардын таасиринен XIII–XIV кылымдарга таандык мусулман көрүстөнү ачылган. Сөөктөрдүн айрымдары антропологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн алынган.

Окумуштуулар үчүн шаардын эмне себептен суу алдында калганы дагы эле негизги суроолордун бири бойдон калууда. Негизги божомолдордун бири — Теңир-Тоодо болгон күчтүү жер титирөө. Анын кесепетинен көлдүн жээгинин бир бөлүгү урап, суунун астында калган болушу мүмкүн.