Доминикан Республикасынын өкүлү «Дүйнө сулуусу – 2026» сынагынын жеңүүчүсү аталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
7 сентябрь

Доминикан Республикасынын өкүлү «Дүйнө сулуусу – 2026» сынагынын жеңүүчүсү аталды

Доминикан Республикасынын өкүлү Джоэйрри Мола эл аралык «Дүйнө сулуусу – 2026» сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду.

Сынактын финалы 5-сентябрда Вьетнамдын Нячанг шаарында өттү. Экинчи орунду Испаниянын, үчүнчү орунду Малайзиянын өкүлү ээледи.

Сынакка жалпысынан 111 өлкөнүн өкүлү катышты.

Кыргызстандын атынан «Кыргызстан сулуусу – 2026» наамынын ээси Саадат Асылбекова катышты.

Ал «Beauty With a Purpose» долбоорунун алкагында онкологиялык оорулардын алдын алууга жана аларды эрте аныктоого багытталган социалдык демилгесин тааныштырды.

Долбоор «Кыргызстан сулуусу – 2013» наамынын ээси Жибек Нукееванын элесине арналды. Ал онкологиялык оорудан улам көз жумган.

Сынактын финалдык шоу-программасы Нячангдын борбордук пляжына жакын жайгашкан, 20 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган ачык аянтчада өттү.

Вьетнам «Дүйнө сулуусу» сынагын биринчи жолу өткөрдү.