Кыргызстан менен Кореяда «Семетей» спектаклинин бир катар премьералары көрсөтүлөт
Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы маданият жана искусство тармагындагы кызматташтыктын алкагында 2025-жылы «Семетей» спектаклинин бир катар премьералары көрсөтүлөт. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен билдиришти.
Долбоор Азия маданий борбору (ACC) жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өнөктөштүгүндө ишке ашырылат.
Спектаклдин алгачкы көрсөтүүсү 2025-жылдын 27–28-ноябрында Корея Республикасынын Кванджу шаарында өттү.
Кыргызстандагы премьералык көрсөтүүлөр 2025-жылдын 11–12-декабрында саат 19:30да А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
«Семетей» спектакли — кыргыз маданиятын эл аралык деңгээлде таанытууга, эки тараптуу маданий дипломатияны өнүктүрүүгө жана эл аралык достук мамилелерди бекемдөөгө багытталган маанилүү маданий долбоор болуп саналат.
