Бишкекте Эл аралык тил күнүнө арналган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды 
4 апрель

Бишкекте Эл аралык тил күнүнө арналган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды 

Бишкектеги №25-мектептин базасында Эл аралык тил күнүнө арналган «Ырдайлы кыргыз ырларын» жана «Тил – достуктун ачкычы» аттуу конкурстардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сынактарга Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланган бала бакчалардын тарбиялануучулары жана мектеп окуучулары катышты.

«Ырдайлы кыргыз ырларын» сынагынын жыйынтыгы боюнча:
•Үчүнчү орунду алган №118 жана №117 бала бакчалардын тарбиялануучуларына жумшак оюнчуктар жана Лего оюндар топтому тапшырылып, бала бакчаларга Ардак грамота берилди.
•Экинчи орунду алган №53  бала бакчанын тарбиялануучуларына жумшак оюнчуктар, ал эми бала бакчанын өзүнө Лего оюндар топтому ыйгарылды.
•Биринчи орунду ээлеген №51 бала бакчанын балдарына жумшак оюнчуктар, бала бакчанын өзүнө чаң соргуч белекке берилди.

«Тил – достуктун ачкычы» сынагынын жыйынтыгы боюнча:
•Үчүнчү орунду №12 мектептин окуучусу Джон Ену жана №100 мектептин окуучусу Асема Майрамбекова алышып, аларга портативдүү диоддук лампа жана Ардак грамота тапшырылды.
•Экинчи орунду №11 мектептин окуучусу Жазель Сапарбекова жеңип, смарт саат жана Ардак грамота менен сыйланды.
•Биринчи орунду №49 мектептин окуучусу Жасмина Мамазимова ээлеп, мобилдик телефон жана Ардак грамотага ээ болду.
•Гран-При сыйлыгын №77 мектептин окуучусу Айсалкын Эсенбекова жеңип, активдүү катышканы үчүн планшет жана Ардак грамота менен сыйланды.

Белгилей кетсек, иш-чаранын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү үчүн  атайын концерттик программа уюштурулду.