Аламүдүн районундагы айылга Иманалы Айдарбековдун ысымы ыйгарылды
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Баатыр айыл аймагындагы айылга Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун туңгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун ысымы ыйгарылып, тактача ачылды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу катышты.
Төрага залкар инсан Иманалы Айдарбековдун өзү туулган айылына ысымынын ыйгарылып жатышы жакшы саамалык экенин айтты.
“Азыркы көз карандысыз мамлекетибиздин түптөлүп, калыптанышында Иманалы Айдарбековдун салымы чоң. Анткени, ал эгемен мамлекетибиздин эң алгачкы пайдубалы саналган Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүгө жигердүү катышып, анын туңгуч жетекчиси болгон. Андыктан журт атасы саналган Иманалы Айдарбековдой адамдардын ысымы түбөлүккө сакталып, келечек муунга үлгү катары көрсөтүлүшү керек”, - деди ал.
Ошондой эле ал өткөндөр даңкталбаса, тирүүлөр баркталбай тургандыгын баса белгиледи.
“Былтыр эле депутат Жанарбек Акаев менен бирге өткөн кылымдагы саясий репрессиянын курмандыктарын актап, алардын ысымын даңазалоо максатында атайын мыйзам долбоорун демилгелеп, кабыл алдык. Себеби Совет доорунун алгачкы жылдарында, айрыкча Сталиндик режимдин алкагында эл-жеринин эртеңи үчүн күрөшкөн Иманалы Айдарбековдой кыргыздын көптөгөн мыкты уул-кыздары саясий негизде камалып, бейкүнөө атылып, өлтүрүлгөн. Андыктан тарыхты кайра тактап, жалган-жалаа менен “Басмачы”, “Эл душманы” атыккан аталарды актоо бүгүнкү муундун милдети”, - деп кошумчалады төрага.
Муну менен катар ал жергиликтүү элди бүгүнкү тарыхый күн менен куттуктады.
“Бирок бул чек эмес. Мамлекетибизди түптөп, улутубуздун улуу уулу аталган атабыздын ысымын түбөлүккө калтыруу иштери уланышы керек. Ал эми бүгүн ысымы ыйгарылып жаткан айыл бардык жактан башкаларга үлгү болгон айыл болсун. Айрыкча Иманалы Айдарбеков айылында социалдык-инфраструктуралык маселелер чечилип, атына заты жарашкан алдыңкы айылдардын катарына кошулсун”, - деген тилегин билдирди.
Эскерте кетсек, салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, Медеткан Шеримкулов менен Апас Жумагулов баштаган мамлекеттик-коомдук ишмерлер, Иманалы Айдарбековдун урпактары жана айыл тургундары катышты.
