«Жусуп» фильми: кыргыз тарыхы Москвадагы «Москино» кинопаркында жанданды
Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, улуу мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу «Жусуп» аталышындагы толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм фильмди 2025-жылдын 1-июлунан тарта өндүрүшкө жиберген.
Учурда фильмдин тартуу тобу Россия Федерациясынын Москва шаарында натуралык пландагы кадрларды тартуу (уходящая натура) иштерин жүргүзүүдө. Тартуу процесси Москвадагы «Москино» кинопаркында өтүп жатат. Бул окуя Кыргызстандын улуттук кинематография тарыхында өзгөчө мааниге ээ, анткени кыргыз киночулары аталган кинопаркта биринчи жолу көркөм фильм тартып жатышат.
Москва шаарындагы тартуу иштерине Россия Федерациясынын белгилүү киноактерлору катышып, ошондой эле тартуу процессине Казакстан Республикасынын актеру да чакырылган.
Фильмдин улуттук бет ачары 2026-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, ошондой эле журт атасы Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдык мааракесине арналмакчы.
