Өзбекстандын Кокон шаарында "Курманжан" спектакли тартууланды
26 декабрь

Өзбекстандын Кокон шаарында "Курманжан" спектакли тартууланды

С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 25-декабрда Өзбекстандын тарыхый Кокон шаарында гастролдук сапарда болуп, кокондук көрүүчүлөргө жаңы даярдалган "Курманжан" спектаклин тартуулады. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Театрдын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев жетектеген чоң топту Кокон шаардык музыкалык-драма театрынын башкы режиссёру Дильшан Ахмедалиев баш болгон артисттер ыр-күү менен шаңдуу тосуп алды.

“Тарыхый шаар Коконго Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин чыгармасы боюнча жаңы даярдалган "Курманжан" спектаклибиз менен келгенибизге кубанычтуубуз. Искусствонун улуту жана чек арасы болбойт. Мыкты чыгарма бардык улуттагы адамдын жан дүйнөсүнө бирдей таасир этип, жалпыга орток кенч болуп саналат”, – деп Уланмырза Карыпбаев кокондук кесиптештердин жылуу колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Бул достук маанайдагы жолугушууда кыргыз-өзбек театрларынын көркөм жетекчилери: У.Карыпбаев жана Д.Ахмедалиев маданий байланышты мындан ары бекемдөө маанилүүлүгүн белгилешти.

Кокон шаарынын театр сүйүүчүлөрү Ош улуттук драма театрынын тарыхый инсан Курманжан датканын даңктуу жана эрдикке жык толгон өмүрү чагылдырылган "Курманжан" спектаклин жылуу кабыл алышты.