ЮНЕСКОнун “Сулайман-Тоо” буфердик зонасы боюнча көчмө жыйын болду
2025-жылдын 17–18-ноябрында Ош шаарында ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас объектисинин “Сулайман-Тоо” буфердик зонасынын чек араларын оптималдаштыруу маселелерине тийиштүү жумушчу топтун көчмө жыйыны өткөрүлдү.
Жумушчу топ Ош шаарынын мэри менен жолугушуп, төмөнкү маанилүү аспектилер боюнча кеңири маалымат берди:
• “Сулайман-Тоо” объектисинин дүйнөлүк мурастагы статусу жана анын жоопкерчиликтери;
• буфердик зонада мыйзамсыз же тобокелдүү курулуштарга жол берилбестиги;
• жаңы объекттерди жайгаштырууда регламенттерди так сактоо зарылдыгы;
• шаар куруу чечимдерин макулдашуу жана муниципалдык көзөмөлдү күчөтүү.
Жыйынга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, шаар куруу, аймактык пландоо жана маданий мурастарды коргоо тармагындагы адистер катышты.
Жолугушуунун негизги максаты – “Сулайман-Тоо” дүйнөлүк мурас объектисин коргоо менен Ош шаарынын динамикалуу өнүгүүсүн айкалыштырган, туруктуу жана тең салмактуу чечимдерди иштеп чыгуу болуп саналат.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө катышуучулар:
• буфердик зонанын учурдагы абалын иликтешти;
• курулушту жана аймактык өнүгүүнү жөнгө салуу маселелерин талкуулашты;
• объектти ар кандай ракурстан караган коридорлорду көрүштү;
• ЮНЕСКОнун талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча сунуштарды даярдашты.
Кеңешме Ош шаарынын туруктуу өнүгүүсү менен ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасын сактоонун ортосундагы тең салмактуулукту камсыздоого багытталган маанилүү кадам болуп калды.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча жумушчу топ буфердик зонаны оптималдаштыруу боюнча сунуштарды жана натыйжалуу аракеттердин багыттарын иштеп чыгууда.
