Мамлекеттик цирк Маданият министрлигинин карамагынан чыгарылды
Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин түзүмүнөн чыкты.
Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Документке ылайык, цирк Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөн. Цирк эми мамлекеттик ишкана болуп түзүлөт.
