Бишкекте II эл аралык “Виват, рояль!” фестивалы болот
Бишкек шаарында 28-31 май күндөрү II эл аралык “Виват, рояль!” фестивалы болуп өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
П.Ф. Шубин атындагы музыкалык мектеби эске салсак 2023-жылы Кыргызстандын бринчи айымы Айглү Жапарованын колдоосу менен ийгиликтүү уюштуруп өткөрүшкөн.
Ал эми II Эл аралык “Виват, рояль!” фестивалы Маданият, маалымат жана жаштар саясат министрлигинин колдоосу менен П.Ф. Шубин атындагы музыкалык мектептин уюштуруусунда өтөт.
Фестивалга Россия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Гнесиндер атындагы музыкалык окуу жайынын фортепиано классынын мугалими, эл аралык сынактардын лауреаты Арзаманова Анна Федоровна жана Казакстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Курмангазы атындагы казак улуттук консерваториянын доценти, Жамбыл атындагы казак мамлекеттик филармониянын башкы солисти Курамбаева Гульнара Толегеновналар чакырылган.
Фестивалдын алкагында П.Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин чоң залында 28-29-30 май күндөрү саат 9.30 дан 18.00 гө чейин төмөндө аталган мугалимдердин фортепиано аспабы боюнча устаттык сабактары ,лекциялары болуп өтөт. Бул устаттык сабактарга Кыргызстандын жети дубанынан 130 мугалим квалификациясын жогорулатып, сертификат алышат. 30га жакын өспүрүм жаш пианисттер менен бул мугалимдер биргеликте иштешет.
II Эл аралык “Виват, рояль!” фестивалы 30-май күнү кечки саат 18.00 Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында салтанаттуу гала-концерт менен жыйынтыкталат.
Гала-концертте 7 жаштан 75 жашка чейинки 44 пианист өз өнөрүн көрсөтөт жана ошондой эле А.Джумахматов атындагы симфониялык оркестр катышат. Алардын арасында белгилүү пианисттер Талгат Аракеев (Туркия ), Акылай Малакаева (Москва ш.), Цокуренко П.А.,Гулзинат Сураничева , Венера Сатылганова (Бишкек) жана башкалар. Коцерттин программасында дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун чыгармалары аткарылат.
