Ошто “Дүйнөнү өзгөрткөн аял” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды
Ош мэриясы
6 март

Ошто “Дүйнөнү өзгөрткөн аял” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык драма театрында 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган “Дүйнөнү өзгөрткөн аял” аттуу республикалык сынактын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери сыйланды.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу, Оштогу Орус үйүнүн өкүлдөрү, шаардагы бардык тармактардан аялдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Программанын жүрүшүндө “Дүйнөнү өзгөрткөн аял” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине дипломдор, ыраазычылык баракчалар жана керектүү китептерди, окуу куралдарын алуу үчүн сертификаттар тапшырылды.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Игорь Воронцовдун салтанаттуу концерти болду. Ал Аялдардын эл аралык күнүнө карата элдик ырларды, музыкалык чыгармаларды, жаз, сүйүү жана шыктануу жөнүндө белгилүү шлягерлерди, ошондой эле М.Магомаев, В.Ободзинский, Е.Мартынов жана башка ырчылардын репертуарындагы хит ырларды аткарып, аялдарга назиктик, суктануу жана ыраазычылык сезимдерин тартуулады.

Иш-чара Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулду.