Министрлер кабинети
7 сентябрь
Көчмөндөр оюндарынын кезеги Татарстанга өткөрүлүп берилди
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Татарстанга өткөрүлүп берилди.
“Биримдик кербени” аркылуу облустарды аралап келген көөкөргө куюлган тоо суусун министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Татарстандын раиси Рустам Миннихановго жана Россиянын спорт министринин орун басары Алексей Морозовго расмий тапшырды.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы үстүбүздөгү жылдын 31-августунда жаңы курулган Бишкек аренада Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келген бир катар мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда болуп, оюндар аты күнгө уланды.
