Бишкек “Үмүт – 2025” XII Эл аралык жаштар киносунун форуму жыйынтыкталды
15 апрель

Бишкек “Үмүт – 2025” XII Эл аралык жаштар киносунун форуму жыйынтыкталды

Бишкек шаарында 11-14-апрель күндөрү “Герои, побеждающие судьбу” урааны алдында “Үмүт” XII Эл аралык жаштар киносунун форуму ийгиликтүү өттү.

Иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Кинематография департаментинин колдоосу менен уюштурулду.

2013-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул форум — Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографисттерине колдоо көрсөтүүчү маанилүү аянтча болуп саналат.

Быйылкы форум эки негизги сынактык багытта өткөрүлдү: улуттук жана эл аралык.

Улуттук сынакта Германиядан, Грузиядан, Орусиядан жана Казакстандан келген киносынчылар жана режиссёрлор кирген эл аралык калыстар тобу тарабынан бааланды. Натыйжада төмөнкү тасмалар жеңүүчү деп табылды:

• Эң мыкты көркөм тасма — “Мунара”, режиссёру Мээрим Талантбек кызы (Кыргызстан);

• Эң мыкты даректүү тасма — Село Алихана”, режиссёру Дастан Боркош (Кыргызстан);

• Режиссура боюнча сыйлык — “Золотая рыбка” тасмасы үчүн Айжамал Мирбек кызы (Кыргызстан);

• Калыстар тобунун атайын сыйлыгы — “Сезим”, режиссёру Бекназар Садыркулов (Кыргызстан). Сыйлык “жаш композитордун ички дүйнөсүнө саякат” (путешествие в мир чувств молодого композитора) үчүн ыйгарылды;

• Калыстар тобунун атайын белгилөөсү — Казуи Исобэнин “Ислам: Мы идём с тобой” тасмасындагы каарман — Ислам Эркинбек уулу жана анын үй-бүлөсү (Кыргызстан).

Эл аралык сынак мурунку форумдардын лауреаттарынан турган кыргызстандык калыстар тобу тарабынан бааланды. Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй болду:

• Эң мыкты көркөм тасма — “Словно, тебя нет”, режиссёру Азер Гулиев (Азербайжан — Франция);

• Эң мыкты даректүү тасма — “Нагота”, режиссёру Сабина Бакаева (Өзбекстан — Франция);

• Режиссура боюнча сыйлык — “Потерянные души”, режиссёру Аскар Ермахан (Казакстан);

• Калыстар тобунун атайын сыйлыгы — “Душегуб”, режиссёру Маъсума Махамадалиева (Кыргызстан — Өзбекстан).

Форумдун алкагында кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлүп, мастер-класстар, лекциялар жана кино долбоорлордун питчинг сессиялары өткөрүлдү.