Сүлүктүдө Увадат Сабурова атындагы маданий комплекс ачылды
21 ноябрь

Сүлүктүдө Увадат Сабурова атындагы маданий комплекс ачылды

Сүлүктүдө маданий комплекс ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Бүгүн мекеменин ачылуу аземине облус башчысы Айбек Шаменов, маданият,маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Сүлүктү шаарыны мэри баш болгон жергиликтүү жетекчилер катышты.

Маданий борборго билим берүүнүн мыктысы, маданиятка эмгек сиңирген кызматкери Увадат Сабурованын ысмы ыйгарылды.

Курулушка 2023-жылы Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 50 млн сом каражат бөлүнгөн. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 12 млн сом каржыланган.

Учурда жаңы имаратка шаардык тарых музей, борборлоштурулган китепкана тармагы, балдар китепканасы жана шаардык балдар искусство мектептери комплекстүү жайгаштырылды.

КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан оргтехника, элдик аспаптар, эмеректер алынып берилди. Ал эми жергиликтүү бюджеттен улуттук кийимдер алынды.