Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайына Абайбек Коробаев директор болду
21 ноябрь

Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайына Абайбек Коробаев директор болду

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 2025-жылдын 20-ноябрынан тартып Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайына Коробаев Абайбек Алымбековичти эмгек келишиминин негизинде директор кылып дайындады.

Коробаев Абайбек Алымбекович 1977-жылдын 3-августунда Каракол шаарында искусство кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Билими боюнча:

• 1984–1992-жж. Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясын аяктаган;
• 1992–1996-жж. Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайында “Вокал” бөлүмүндө окуп, ийгиликтүү бүтүргөн;
• 2015–2019-жж. Ысык-Көл облусунун К.Тыныстанов атындагы университетинин “Педагогика” факультетин аяктап, мугалим адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:
• 1996–2010-жж. жеке фермерлик ишмердүүлүк менен алектенген;
• 2010–2011-жж. Каракол шаардык муниципалдык “Тазалык” ишканасынын өндүрүштүк башчысы;
• 2012–2019-жж. Каракол шаарынын мэриясына караштуу №2 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы;
• 2018–2020-жж. Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
• 2024-жылдын 29-январынан 5-ноябрына чейин Түп районунун Караксаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.