Баткенде "Айгүл гүлү" майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү 
Сүрөт: Маданият министрлиги
21 апрель

Баткенде "Айгүл гүлү" майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү 

Баткен районунда аймактын символу болгон Айгүл гүлүнө арналган салтанаттуу маданий иш-чаранын алгачкы күнү 20-апрелде жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Иш-чаранын ачылышына президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү катышып,

Министрликтин атайын куттуктоо катын окуп берип, Айгүл гүлүнө арналган иш-чаранын маданий, экологиялык жана тарыхый маанисин белгиледи.

Фестивалдын биринчи күнү вокалдык ырдоо жана улуттук аспаптарда ойноо боюнча чыгармачылык сынак менен башталды.

Сынакка Баткен районунун 7 айыл аймагынан келген таланттуу өнөрпоздор жана бир аскердик бөлүктүн өкүлдөрү катышып, жалпы 8 катышуучу өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Калыстар тобунун чечими менен бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Алдыңкы орундарды ээлеген өнөрпоздор Министрликтин дипломдору жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:

  • 1-орун – 30 000 сом, министрликтин диплому
  • 2-орун – 20 000 сом, министрликтин диплому
  • 3-орун – 10 000 сом, министрликтин диплому

Белгилей кетсек, аталган иш-чара бүгүн, 21-апрелде да уланат.