Баткенде «Бирге ырдайбыз» аттуу маданий кече өттү
7 январь

Баткенде «Бирге ырдайбыз» аттуу маданий кече өттү

Жаңы жылдык эс алуу күндөрүн мазмундуу өткөрүү максатында Баткен шаарында «Бирге ырдайбыз» аттуу маданий иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, иш-чара жаңы жылдык балаты жасалгаланган аянтчада өткөрүлүп, шаар тургундары үчүн ачык коомдук мейкиндик түзүлдү.

Маданий иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү таланттуу жаштар жана эл арасынан ырга шыктуу улуу, кичүү инсандар кыргыз эстрадасынын жана чет элдик эстраданын белгилүү чыгармаларын жандуу аткарып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты.

Аталган иш-чара жаштарды колдоого, коомчулуктун ынтымагын бекемдөөгө, маданий баалуулуктарды жайылтууга жана кышкы каникул күндөрүн пайдалуу өткөрүүгө багытталды.

Баткен шаарынын мэриясы иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөткөн Муса уулу Маширапка, Нишанбай уулу Бекжанга, Камчыбек уулу Бакытка жана активдүү катышкан Баткен шаарынын жана Баткен районунун тургундарына терең ыраазычылык билдирет.