Болот Миңжылкыевдин 85 жылдыгына арналган V эл аралык опера фестивалынын ачылышы өттү
14 декабрь

Болот Миңжылкыевдин 85 жылдыгына арналган V эл аралык опера фестивалынын ачылышы өттү

Бишкекте залкар опера ырчысы, СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыевдин 85 жылдык мааракесине арналган V эл аралык опера искусствосунун фестивалынын ачылышы салтанаттуу түрдө өттү.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, маданият өкүлдөрү, чет элдик коноктор жана маркумдун жакындары катышты.

Мааракелик салатанатта өнөрпоздун кыргыз жана дүйнөлүк опера искусствосуна кошкон зор салымы белгиленип, анын кайталангыс коңур тембри, бийик вокалдык чеберчилиги жана педагогикалык мурасы өзгөчө бааланды. Фестивалдын алкагында Болот Миңжылкыев жараткан Коңурбай, Борис Годунов, Мефистофель, Кутузов сыяктуу унутулгус образдардын опера өнөрүндөгү орду баса көрсөтүлдү.

Быйылкы фестиваль мааракелүү мүнөзгө ээ болуп, ага Азербайжан, Казакстан, Россия, Түркия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген белгилүү опера солисттери катышууда. Бул фестиваль Кыргызстанды дүйнөлүк опера өнөрүнүн өкүлдөрү менен бириктирип, чыгармачылык кызматташтыкты жана маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.

Салтанатта мамлекет тарабынан опера искусствосун колдоо жана өнүктүрүү мындан ары да улантылары, улуттук таланттарды өстүрүү жана кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу артыкчылыктуу багыт экени баса белгиленди.

V эл аралык опера искусствосунун фестивалы Болот Миңжылкыевдин жаркын элесине таазим кылуу менен, опера сүйүүчүлөрү үчүн унутулгус маданий окуя болду.