Ошто балдар үчүн майрамдык маанай тартууланды
Бүгүн Ош шаарындагы Бабур атындагы театрда 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чараны Ош шаарынын мэриясы, шаардык маданият башкармалыгы жана “Келечек” балдар чыгармачылык борбору биргеликте уюштурушту.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова, шаардык Кеңешинин депутаттары катышышты.
Салтанат Аманова ар бир бала мээримге бөлөнүп, бактылуу балалыкта, татыктуу жашоодо чоңойууга укуктуу экенин билдирип, келечек ээлерин майрамы менен куттуктады.
Иш-чаранын маданий бөлүгүндө “Келечек” балдар чыгармачылык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Мындан сырткары, шаардагы аялуу, аз камсыз болгон, майыптыгы бар, окуудан ийгиликтерге жетишкен, спорттук, маданий кароо-сынактардын жеңүүчү балдарга мэр Жеңишбек Токторбаевдин атынан атайын белектер тапшырылды. Дээрлик 1000 балага белектер берилди.
