Баткенге легендарлуу "Ялла" тобу келди
Баткен шаарында өтүп жаткан эл аралык Ыр майрамга Өзбекстандын Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаров баштаган делегация келди.
Делегациянын курамында белгилүү "Ялла" тобу жана солисти Фаррух Закиров, өзбек эстрадасынын жылдызы Севинч Муминовалар бар.
Алар бүгүн Баткен шаарында өтүүчү кыргыз-өзбек-тажик элдеринин достугун даңазалаган Ыр майрамдын алкагында гала концерке катышат.
Ардактуу конокторду КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган жетекчилер тосуп алышты.
