Өзгөн шаарынын борбордук аянтында Манастын айкели ачылды
16 февраль

Өзгөн шаарынын борбордук аянтында Манастын айкели ачылды

Өзгөн шаарынын борбордук аянтында Манастын айкели ачылды. Анын бийиктиги 3 метр, 65 см, туурасы 1 м, 60 см түзөт. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты. 

Айкөл Манастын эстелигин жана анын жайгашкан жерин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери өткөн жылы башталып, ошол эле жылы аяктаган. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 млн 185 миң сом бөлүнгөн.

Ал эми айкелди медтен жасоо үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 100 миң 823 сом каржыланып, жумуш толук аткарылып бүткөн.