Бишкекте балдар үчүн ачык асман алдында театр майрамы өтөт
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата 31-майда Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры балдар жана ата-энелер үчүн майрамдык маданий иш-чара уюштурат.
31-май күнү театр алдындагы студия жаш көрүүчүлөргө белгилүү “Үч семиз” жомогунун негизинде даярдалган спектаклди тартуулайт.
Спектакль достук, кайраттуулук жана адилеттик тууралуу баяндайт. Көрүүчүлөрдү кызыктуу окуялар, жомоктогу жаркын каармандар жана өзгөчө театр атмосферасы күтөт.
Иш-чаранын максаты — балдардын маданий эс алуусун уюштуруу, театр өнөрүнө болгон кызыгуусун арттыруу жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоо.
Кирүү акысыз.
