Замир Сооронбаевдин 70 жылдыгына арналган “Театралдык жумалык” салтанаттуу түрдө жабылды
10 ноябрь

Замир Сооронбаевдин 70 жылдыгына арналган “Театралдык жумалык” салтанаттуу түрдө жабылды

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү театр жана кино ишмери Замир Сооронбаевдин 70 жылдыгына арналган “Театралдык жумалык” жыйынтыктоо аземи салтанаттуу түрдө өттү.

Мааракелик иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары Капалбаев Октябрь Эркинович, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Бектеналиев Мукталы Абдыбекович, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары жана башка коноктор сөз сүйлөп, Замир Сооронбаевди кутман курагы менен куттуктап, чыгармачылык ийгилик жана жаңы бийиктиктерди каалашты.

Маараке соңунда З. Сооронбаев сахналаштырган жазуучулар Т. Касымбеков жана К. Сактановдун калемине таандык “Курманжан Датка” спектакли коюлуп, көрөрмандарга өзгөчө таасир калтырды.