Сузак районунда Улуу Жеңиштин 80 жылдык майрамы белгиленди
Сузак районунун борбордук аянтында бүгүн Улуу жеңиштин 80 жылдык майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, район акими Баратбек Сыдыкназаров, Улуу Ата Мекендик согуштун Сузак районундагы жалгыз ардагери, 99 жаштагы Мамасалы Жумаев катышты.
Сааламлыкта жергиликтүү бийлик тарабынан ардагер Мамасалы Жумаевге автоунаа белекке берилди. Мындан сырткары, райондогу мекеме-ишканалардын жамааты "Өлбөс полк" жүрүшүнөн өтүштү.
Облус башчысынын орун басары Урматбек Самаев Улуу Жеңиш майрамы мекенчилдиктин жана каармандыктын үлгүсү катары тарых бетинде түбөлүккө калаарын айтып, жалпы жатышуучуларды куттуктады.
