Кыргызстан менен Корея салттуу кол өнөрчүлүк жана маданий туризм жаатындагы кызматташууну кеңейтүүдө
3 декабрь

Кыргызстан менен Корея салттуу кол өнөрчүлүк жана маданий туризм жаатындагы кызматташууну кеңейтүүдө

2-декабрь 2025-жылы Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев бүгүн Корея Республикасынын ICHCAP мекемесинин Стратегиялык өнүктүрүү департаментинин директору Ким Доксунду кабыл алды.

Тараптар “Кыргыз Республикасында салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дараметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү” аттуу ODA-долбоорунун (2023–2026) жүрүшүн талкуулашты. Долбоор алкагында үч музейде (Г. Айтиев музейи, Көчмөн цивилизациясы борбору, Нарындын Искусство галереясы) кол өнөрчүлөр борборлору түзүлүп, оңдоп-түзөө иштери толук аяктап, Корея тарап техникалык жабдууларды орнотуп жатат.

Министр Мамбеталиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий маанисин белгилеп, Ким Доксун мырзасын иш-чаранын алкагындагы илимий конференцияга спикер катары чакырды. Тараптар кол өнөрчүлүк жана маданий туризм тармагындагы кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Долбоордун алкагында 3-декабрда Улуттук тарых музейинде салттуу кол өнөрчүлүк боюнча продукция жаратуучу сынактын жеңүүчүлөрү сыйланат. Иш-чарага министрлик, ЮНЕСКОнун улуттук жана эл аралык өкүлдөрү, өнөрчүлөр жана долбоор өнөктөштөрү катышат.