Чунцин шаарында Азия Альянсынын Экинчи Башкы Ассамблеясы өткөрүлдү
3 декабрь

Чунцин шаарында Азия Альянсынын Экинчи Башкы Ассамблеясы өткөрүлдү

2025-жылдын 26–29-ноябрында Кытайдын Чунцин шаарында маданий мурастарды коргоо боюнча Азия Альянсынын Экинчи Башкы Ассамблеясы жана Кеңешинин үчүнчү отуруму болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө альянс жана катчылык түзүлгөндөн берки, ошондой эле биринчи ассамблеядан кийинки эки жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы талданды. Ассамблеянын алкагында 2025–2027-жылдарга карата иш-чаралар планы бекитилип, альянстын жаңы төрагасы шайланды.

Ошондой эле мүчө-мамлекеттер жана өнөктөштөр тарабынан көтөрүлгөн маселелер талкууланып, алдыдагы кызматташуу багыттары боюнча сунуштар каралды.