Кирүү акысыз! Ош шаарында театр фестивалы өтөт
12 сентябрь

Кирүү акысыз! Ош шаарында театр фестивалы өтөт

Ош шаарында XIII Республикалык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында маданият министринин  биринчи орун басары Союзбек Надырбеков билдирди. 

Анын айтымына карганда, фестиваль 2007-жылдан тарта өткөрүлүп келет.

"Бирок ортодон пандемияга байланыштуу убактылуу токтоп калган. Быйыл эми кайрадан жанданып, Ош шаарында өтүү алдында турат", - деди ал.

С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 16-сентябрь күнү саат 16:00дө ачылыш аземи өтүп, күнүнө экиден-үчтөн спектакль көрүүчүлөргө тартууланып турат.

Ага өлкөдөгү республикалык, облустук жана райондук деңгээлдеги бардык театрлар катышат. Катышуучу курам 229 адамды түзүүдө. Министрлик тарабынан уюштуруу комитети, анын ичинде эң мыкты спектаклдерди тандап ала турчу калыстар тобунун курамы түзүлдү.

Театр бул жөн гана искусство эмес, коомчулукта болуп жаткан көйгөйлөрдү айтып, алардын чечүү жолдорун сунуштай турган чыгармачыл аянтча болуп саналат. Учурдан пайдаланып, жалпы элибизди, өзгөчө жаштарды фестивалга чакырабыз”-деди ал.

Театр фестивалы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы жана Кыргыз ССРнин эл артисти С. Андабековдун 100 жылдыгына карата өткөрүлөт. Ал эми спектаклдерге кирүү акысыз.