Бишкекте «Чолпонум» мюзикли ийгиликтүү көрсөтүлдү
Маданият министрлиги
17 июнь

Бишкекте «Чолпонум» мюзикли ийгиликтүү көрсөтүлдү

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 16-июнда «Чолпонум» мюзикли ийгиликтүү көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Мюзикл Кыргыз Республикасынын эл артисти, дастанчы-композитор Жолболду Алибаевдин 80 жылдык мааракесине арналган.

Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан сахналаштырылган мюзикл борбор калаанын көрүүчүлөрү тарабынан жылуу кабыл алынып, аншлаг менен өттү. Улуттук обон, сүйүү, сагыныч, тагдыр жана адамдык асыл сезимдерди камтыган чыгарма көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды.

«Чолпонум» мюзиклинин режиссёру – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нурлан Мендебаиров, либреттонун автору – Назгүл Рыскул кызы, башкы дирижёру – Илгиз Абдылдаев.

Мюзиклдин кезектеги көрсөтүүсү бүгүн, 17-июнда дагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.