«Кыргызфильм» Dolby Atmos үн студиясын долбооолоогог тендер жарыялады
29 январь

«Кыргызфильм» Dolby Atmos үн студиясын долбооолоогог тендер жарыялады

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдында иш алып барган Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы үн монтаждоо цехинин корпусун капиталдык оңдоого карата долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүгө тендер жарыялады.

Капиталдык оңдоонун негизги максаты – дүйнөлүк киноиндустрияда кеңири колдонулуп жаткан эң алдыңкы көлөмдүү үн технологияларынын бири болгон Dolby Atmos форматындагы заманбап профессионалдык үн студиясын түзүү болуп саналат. Бул долбоордун ишке ашырылышы кыргызстандык кинематографисттерге эл аралык стандарттарга жооп берген жогорку сапаттагы үн менен фильмдерди өндүрүүгө, ошондой эле улуттук жана эл аралык биргелешкен кинодолбоорлордун постпродакшн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Заманбап үн студиясынын түзүлүшү улуттук кино инфраструктурасын жаңылоодо жана «Кыргызфильм» киностудиясынын техникалык потенциалын чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат. Мындан тышкары, долбоор кыргыз кинематографиясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, улуттук фильмдердин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдү тартууга өбөлгө түзөт.

Долбоор креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жана маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жаңылоо боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылууда.

Долбоордук иштер аяктагандан кийин үн монтаждоо корпусун реконструкциялоонун этап-этабы менен ишке ашырылуучу планы жана студияны заманбап профессионалдык жабдуулар менен камсыздоо каралат.