Бишкек шаарынын 148 жылдыгы белгиленет. Мэрия бул күндү бирге майрамдоого чакырат
20 апрель

Бишкек шаарынын 148 жылдыгы белгиленет. Мэрия бул күндү бирге майрамдоого чакырат

2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын 148 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, бул күнү Ала-Тоо аянтында мазмундуу майрамдык программа өтөт. Саат 18:00дө Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерти башталып, көрүүчүлөргө жаркын маанай, жандуу музыка жана чыныгы шаардык биримдик сезимин тартуулайт.

Саат 19:00дө аянт ачык асман алдында көркөм бий аянтчасына айланат — профессионалдык жана ышкыбоз хореографиялык жамааттарды бириктирген «ВАЛЬС КЕЧЕСИ» конкурс-фестивалы башталат. Кеченин өзгөчө көркүн бардык каалоочулардын катышуусундагы жалпы вальс бийи ачып, майрамдык жана биримдиктин өзгөчө атмосферасын жаратат.

Майрамдык программа борбордун чыгармачыл жамааттарынын жаркын концерттик номерлери менен улантылып, кеч масштабдуу концерт менен жыйынтыкталат. Бул концерт ар бир катышуучунун эсинде жылуу элестерди калтырат.