Ошто эл аралык Эне тил күнүнө арналган 10 күндүк жыйынтыкталды
Ош шаарындагы Бабур атындагы театрда 27-февралда эл аралык Эне тил күнүнө карата жарыяланган 10 күндүктүн жыйынктыктоочу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М. Мураталиевдин “Кыргыз таануу” окуу-курсу өткөрүлүп, чыгармачыл топтор тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле, 10 күндүктүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чараларга активдүү катышып, эне тилин даңазалагандар Ош шаарынын мэриясынын жана КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамоталары, Алкыш жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
