Россиялык актёр Сергей Безруков кыргыз тасмасына тартылууда
25 май

Россиялык актёр Сергей Безруков кыргыз тасмасына тартылууда

Россиялык актер Сергей Безруков улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу тартылып жаткан тасмада катышып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Москвадагы Ленин китепканасынан тартылган видеону социалдык тармактардагы баракчасына жарыялап жазды.

«Чыңгыз Айтматов тууралуу байопик долбоорунда Каныбек Калматовго жардам берип жатам. Бул кыргыз киносундагы ири масштабдагы долбоор. Мен болсо бир аз көмөк көрсөтүп жатам. Ленин китепканасы. Байыркы зал. Укмуш», — деп жазган Безруков.

Буга чейин жаш кыргыз режиссеру жана оператор-коюучу Каныбек Калматов Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы толук метраждуу көркөм тасма — Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу тууралуу тасма тартуу иштери башталганын жарыялаган.

Болочок тасма биографиялык драма жанрында болуп, жазуучунун балалык чагынан тартып, жеке сыноолору, дүйнөлүк деңгээлдеги таанылышы жана адабий даңкы сыяктуу өмүрүнүн негизги этаптарын камтыйт.

Каныбек Калматов Москвадагы ВГИКтин оператордук факультетинин бүтүрүүчүсү. Ал кыргыз кинематографиясындагы эң көп киреше алып келген «Бейиш эненин таманында» тасмасынын башкы оператору катары кеңири таанылган.