www
17 июнь
Белгилүү кытай жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь Кыргызстанга келди
Дүйнөгө белгилүү кытай жазуучусу, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь «Ысык-Көл эл аралык форуму – 40» иш-чарасына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Ардактуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев тосуп алды.
«Ысык-Көл эл аралык форуму – 40» дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген белгилүү коомдук ишмерлерди, окумуштууларды, жазуучуларды жана маданият өкүлдөрүн бириктирген маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.
Форумдун алкагында маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү, гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана дүйнөлүк маданий мурастарды сактоо маселелери талкууланат.
