Баткенде миграция темасын балдардын көз карашы менен чагылдырган көргөзмө ачылды 
2 декабрь

Баткенде миграция темасын балдардын көз карашы менен чагылдырган көргөзмө ачылды 

Баткен облусунда миграция темасын балдардын көз карашы менен чагылдырган «Шамал өрөөнү» аттуу өзгөчө көргөзмө ишке кирди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Бул долбоор Француз-немис маданият институтунун колдоосу менен өткөрүлүп, аймактагы жаштардын турмушу, алардын кыялдары жана күнүмдүк дүйнөсү тууралуу жаңы, чыныгы жана түз баян сунуштайт.

СССР ыдырагандан берки миграция агымы эң катуу байкалган регион катары белгилүү Баткенде бүгүн көптөгөн балдар ата-энесиз чоңоюп жатат. Алардын айрымдарын чоң ата, чоң энеси тарбиялап, башкалары туугандарынын жанында жашоосун улантууда. «Шамал өрөөнү» долбоору дал ушул көрүнбөй келген тажрыйбаны алардын өз оозу жана өз колу менен тартылган сүрөттөр аркылуу ачып берет.

Долбоордун чегинде Баткендин бир нече райондорундагы балдарга бир жолу колдонула турган плёнкалуу фотоаппараттар берилген. Жеңил колдонулуучу бул аппараттар ар бир кичинекей катышуучуга «автор» болууга жол ачып, өз үй-бүлөсүн, досторун, оюндарын жана келечекке болгон тилектерин сүрөт аркылуу айтып берүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Катышуучулар:

• Назбийке Нургазиева

• Сарвиноза Таирова

• Сирена Курбанбекова

Көргөзмө Баткендеги миграциянын балдарга тийгизген таасирин жаңы өңүттөн көрсөтүп, коомчулукту алардын үнүн угууга чакырат.