Кыргыз улуттук балетинин Испанияга алгачкы гастролдору ийгиликтүү болду
Кыргыз Республикасынын А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет труппасынын Европадагы, тактап айтканда Испания Королдугундагы алгачкы гастролдору ийгиликтүү жыйынтыкталды.
8–23-декабрь күндөрү Сарагоса, Кальпе, Риба-Роха-де-Эбро, Шатива, Аликанте, Ла-Нусия жана Гандия шаарларынын тургундары кыргыз балетинин жогорку деңгээлдеги хореографиялык өнөрүнө күбө болуп, артисттерди жылуу кабыл алышты.
Гастролдук программанын алкагында испаниялык көрүүчүлөр «Ак куу көлү», «Щелкунчик» (П. Чайковский) «Дон Кихот» (Л. Минкус) чыгармаларына күбө болушту.
Кыргыз балетинин Испаниядагы гастролдору А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры менен «GLOBAL SHOWTIME SERVICES S.R.L» компаниясынын ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө Меморандумдун алкагында ишке ашырылды.
Испания тараптан долбоорду компаниянын ээси Хосе Мануэль Тахада Регидор жетектеди.
Гастролдорго кыргыз балетинин 45 артисти катышып, труппаны Кыргыз Республикасынын эл артисти, театрдын башкы директору Муратбек Бегалиев жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, башкы балетмейстер Айзада Тумакова жетектешти. Ошондой эле зарыл болгон техникалык жана тейлөөчү персонал кошо барды. Долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бардык чыгымдарды кабыл алуучу тарап — «GLOBAL SHOWTIME SERVICES S.R.L» компаниясы көтөрдү.
Кыргыз жана испан тараптары мындан ары да биргелешкен чыгармачыл долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатышат.
