Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтыш жыйынтыкталды
Алай районунун Калама жайлоосунда 12-сентябрда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган эл аралык айтыштын финалдык туру өттү.
Финалга чыккан 8 жуп акындын арасынан Чыңгызхан Кожошев мыкты чыгып, баш байгени илип кетти.
Жыйынтыгында:
- 1-орун – Изат Айдаркулова (500 миң сом),
- 2-орун – Кутман Садыбакасов (300 миң сом),
- 3-орун – Жылдызбек Төрөканов (200 миң сом),
Иш-чарага мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, чет элдик коноктор жана жергиликтүү тургундар катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырышты.
