Кыргызстанда жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өттү
Кыргызстанда жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу "Манас" театрынан кабарлашты.
Сынак “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын мурдагы президенти, саясий жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн.
Иш-чара эки баскычта, билет алуу принциби менен уюштурулуп, өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаш манасчылардын өнөрү бааланды.
Жеңүүчүлөр:
- Баш байге – Макулбеков Бактияр
- 1-орун – Эркинбеков Улукмырза
- 2-орун – Сапарбеков Нуртилек, Бердикулов Касымбек
- 3-орун – Кенжебеков Элмар, Мирлан уулу Уларбек
16 жашка чейинки манасчылар арасында
- Баш байге – Ыдырысов Арсен
- 1-орун – Асангулов Баймырза
- 2-орун – Жолочиев Саид
- 3-орун – Тынчтыкбеков Ариет, Жалиев Ариет
Атайын сыйлыктар:
- Уркаш Мамбеталиев атындагы атайын сыйлык – Анарбеков Узарбек
- Сейдене Молдоке кызы атындагы атайын сыйлык – Абасбек кызы Аккыз.
